ż۹ʴý

Дастан Иманалиев: «БААУдагы студенттик жылдарым унутулгус болду»

Дастан Иманалиев: «БААУдагы студенттик жылдарым унутулгус болду»

11&Բ;января&Բ;2023

#LifeAfterGraduation

Дастан Иманалиев 2015-жылы БААУнун Эл аралык жана бизнес укугу бөлүмүн аяктаган. Бакалавр даражасын алгандан кийин карьера жолун баштап, учурда Кыргызстандагы Америка Соода палатасынын директору болуп иштеп жатат. Бул маекте Дастан БААУдагы эскерүүлөрүн жана карьералык жолун бөлүшөт.

«БААУдагы студенттик жылдарым унутулгус, көптөгөн терең эскерүүлөргө, таасирлерге жана, эң негизгиси, өмүр бою пайдалуу боло турган уникалдуу тажрыйбага бай болду. Менин оюмча, университет студенттерге экинчи үйдөй болгон атмосфераны түзүп берет, алардын кызыкчылыктарын коргоону, ар дайым өз оюн жана сыни ой жүгүртүү көндүмдөрүн сактоону үйрөтөт. Эл аралык жана бизнес укугу боюнча бакалаврдык билимим мага адам укуктары, коммерциялык укук, конституциялык жана жарандык укук сыяктуу ар түрдүү тармактарда, айрыкча сыни ой жүгүртүүдө ар тараптуу даярдык берди.

Мен карьерамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплекси, Мамлекеттик мүлк фонду жана Жогорку Кеңеште баштагам. 2020-жылы Кыргызстандагы бизнести колдоо ассоциациясы болгон Эл аралык бизнес кеңешинин (IBC) эң жаш аткаруучу директорунун орун басары болуп дайындалдым. Азыркы учурда Кыргызстандагы Америка Соода палатасынын директору болуп иштеп жатам. Бул ассоциация Кыргыз Республикасында жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес чөйрөсүн түзүүгө умтулат жана ар кандай экономикалык секторлордо иштеген 90дан ашуун ири, орто жана чакан ишканалардын мүчөлөрүн камтыйт. Соода палатасы Кыргызстандын экономикасына салым кошкон жергиликтүү жана эл аралык инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт жана колдойт. Бул иш мага ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам чыгарууга түздөн-түз таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берип, жоопкерчиликтүү, ачык экономикалык башкаруунун жана инвестициялык климатты жакшыртуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө чоң өбөлгө түздү.

Максаттарым көп, бирок өз алдымда койгон эң бийик максатым — экономикалык өнүгүү жана коомдук саясат жаатындагы кесипкөй адис болуу. Бул тармакта узак карьера куруп, кеңири коомчулукка пайда алып келем деп үмүттөнөм.

БААУ студенттерине берген кеңешим — көбүрөөк окугула. Азыр аны сезбесеңиз да, жетиштүү билим алуу өтө маанилүү. Албетте, университет окуу менен гана чектелбейт, ал ырахаттуу учурларды да камтыйт, бирок жакшы билим — бул өзүнчө бир артыкчылык, ар бир учурдан ырахат алып, аны толук пайдалангыла. Ар бир оң өзгөрүү айланадагы кырдаалды жакшыртууга болгон каалоо менен башталаарына дайыма ишенчүмүн, эң жакшы чечим — өзүн өнүктүрүү. Дагы бир маанилүү кеңешим: кайраттуу болгула жана силерге богон баш тартуулардан коркпогула. Эртерээк же кечирээк, өз жолуңарды сөзсүз табасыңар.»

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028