ż۹ʴý

Мира Жакшылыкова:

Мира Жакшылыкова: "БААУда өнүгүү, сынчыл ой жүгүртүү жана байланыш түзүү үчүн сонун шарттар бар."

13&Բ;марта&Բ;2023

#ICP#LAS#LifeAfterGraduation

Мира Жакшылыкова 2021-жылы БААУну «Экологияны башкаруу жана туруктуу өнүгүү» жана «Эл аралык жана салыштырмалуу саясат» адистиктери боюнча аяктаган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал «Суу кызматташтыгы жана дипломатиясы» боюнча биргелешкен магистратура программасында окуусун уланткан.

"БААУдагы студенттик жылдарым эң мыкты учурлардын бири болду, анткени мен өтө активдүү болдум жана университет сунуштаган бардык сонун мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаландым. Алардын катарында эл аралык конференциялар, долбоорлорду ишке ашыруу, стажировкалар, сабактан тышкаркы иш-чаралар жана талаа сапарлары бар. БААУда өнүгүү, сынчыл ой жүгүртүү, байланыш түзүү үчүн мыкты шарттар бар."

Бардык сонун эскерүүлөрдүн ичинен, мыкты окутуучулар жана ар кайсы бөлүмдөрдүн колдоосу менен, көбүнчө Кыргызстан боюнча талаа сапарларынан жана “Enactus ż۹ʴý” клубунун бир бөлүгү болгонумдан ырахат алдым. Биз ал клубда ар кандай долбоорлорду ишке ашырып, кесиптик жактан өсүүгө жетиштик.

Окууну бүткөндөн кийин бир нече магистратура программаларына, стипендия менен кабыл алындым жана мен БУУнун мандаты менен Коста-Рикадагы Тынчтык университетинен башталып, Нидерланддагы UNESCO IHE-Делфтте улантылып, АКШдагы Орегон мамлекеттик университетинде аяктаган «Суу кызматташтыгы жана дипломатиясы» боюнча биргелешкен магистратура программасын тандадым. Жакында эле бүтүрдүм жана азыр ар кандай жумуш сунуштарынын арасынан тандоо алдында турам.

Азыркы студенттерге менин кеңешим — университет сунуштаган бардык сонун мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, окууну сабактан тышкаркы иш-чаралар менен айкалыштырууга аракет кылгыла. Анткени жогорку баллдан тышкары, көптөгөн алдыңкы университеттер мотивациялык каттарда башка жумшак көндүмдөргө жана тажрыйбага да көңүл бурушат. Ошондой эле жакын достор, окутуучулар жана БААУдагы ар кайсы бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен бекем байланыш түзүүнү сунуш кылам.

Акырында, баары мүмкүн — аракет кылып көргүлө жана ийгиликсиздиктен коркпогула!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028