ż۹ʴý

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү

1&Բ;ноября&Բ;2024

Өткөн ишембиде университетте бир учурда эки иш-чара орун алды: ż۹ʴý Green Fest жана БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү. Алар “БААУнун Жашыл айынын” алкагында өтүп, аны Жарандык активдүүлүк борбору менен БААУнун Мейкерспейси уюштурду.

Кыска ачылыш салтанаты конференц-залда өттү. БААУнун Мейкерспейсинин башкы инженери Тимур Азизбек уулу катышуучулардын баарын 1-кабаттагы цехте орун алып жаткан ар кандай иш-чараларга катышууга чакырды. Ошондой эле ал Мейкерспейс эмне экендиги жөнүндө айтып берди. “Бул борбордун командасы тарабынан түзүлгөн чыгармачылык, технологиялар жана инновациялар мейкиндиги. Бул бир максат, жалпы идеянын астында бириккен коомчулук болуп, ошол ой-максаттарды өнүктүрүү менен алек. Биз технологиялык процесстерди иликтөөгө, тажрыйба алууга жана өз идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген кесипкөй шаймандар жана материалдарды тартуулайбыз”,- деп белгиледи Тимур мырза.

Мейкерспейс үстүбүздөгү жылдын июнь айында ачылганына карабастан, мындай кыска аралыкта борбордун командасы көптөгөн иш-аракеттерди жасоого жетишти. Бул жерде ар кандай мастер-класстар, конференциялар жана чыгармачыл чеберчиликтер өтөт. Чоңдор жана жаш балдар өз идеяларын конкреттүү үлгүлөргө айландыруу үчүн кызуу эмгектенип келишет.

“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин 1-курсунун студенти Тимур Исаков пластикалык бөтөлкөлөрдү кайра пайдалануунун стандарттык эмес жолун сунуштады. Айтсак, ал аталган бөтөлкөлөрдү 3D принтерде басып чыгаруу үчүн керектөөчү материал - филаментке айландырууну айтып чыкты. Жабдууларды даярдоо үчүн материалдардын бир бөлүгү сатылып алынса, калганы бул жерде 3D принтерде даярдалып чыкты.

Ачык эшиктер күнүнүн уюштуруучулары катышуучуларга кызыктуу жана каныккан программаны сунушташты. Иш-чаранын коноктору ар кандай мастер-класстарга катышып, жаңы нерселерди өздөштүрүштү. Мисалы вазаны үлгүлөп, андан соң аны 3D принтерде басып чыгарышты. Же болбосо боз үй чогултуу, декоративдик шамдарды жасоо. Мындан тышкары плотарда винил менен иштөө боюнча мастер-класска катышуу, лазердин жардамы менен брелок жасоо, сууда сүрөт тартуу жана башка мүмкүнчүлүктөр жаралды. Айтор ар бир катышуучуда жан дүйнөсүнө жаккан нерсе менен алектенүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028