ż۹ʴý

БААУда усулдук сабак: кантип математиканы түшүнүктүү кылуу керек

БААУда усулдук сабак: кантип математиканы түшүнүктүү кылуу керек

24&Բ;декабря&Բ;2024

БААУда мектептердин математика мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Ал мугалимдердин кесипкөйлүк ыкмаларын өркүндөтүү жана усулдук куралдарын кеңейтүүгө багытталды. Уюштуруучулук милдетти БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети өз колуна алган. Иш-чара Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу астында өттү.

Сабактын темасы элементтердин ар кандай айкалыштарында эсептөө жана мыйзам ченемдүүлүктөрдүн усулдарын иликтеген математиканын маанилүү бөлүмдөрүнүн бири “Комбинаторика” болду. Сабакты БААУнун Колдонмо математика жана информатика департаментинин профессору Сыргак Кыдыралиев өттү.

Комбинаториканын негиздери 7-класста иликтенип баштагса да, аны тереңдетилген жана ар атраптуу иликтөө ЖОЖдо орун алат. Сыргак Капарович белгилегендей, тема бир топ татаал деп эсептелет. Анткени ал көпчүлүк үчүн жакшы белгилүү эмес жана аны окутууда да маселелер жок эмес. Сабактын негизги темасы окутуучуларга комбинаторика боюнча маселелерди жеткиликтүү жана мисалдардын негизинде чечүүнү көрсөтүп берүү болду. Сабактын жүрүшүндө кошуу жана көбөйтүү, ошондой эле кайра орнотуу жана жайгаштыруу сыяктуу базалык принциптер талданды. Негизги көңүл факториалды аныктоого жана ал колдонулган маселелерге бөлүндү. Анын ичинде кайталоо жана айкалыштыруу камтылган кайра орнотууга. Теоретикалык материалдар практикалык мисалдар жана кадамдык чечимдер менен коштолуп, катышуучулардын мындай ыкмаларды мектеп практикасында кантип колдонууну жакшы түшүнүүсүн камсыздады.

Сабактын алдында окутуучуларда орус жана кыргыз тилдеринде “Финансылык жана инвестициялык эсептердин негиздери” китебин жана башка маселелер жыйнагын алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Усулдук материалдарды даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар катышкан.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028