ż۹ʴý

БААУнун студенти болуу эмнени билдирет?

БААУнун студенти болуу эмнени билдирет?

20&Բ;января&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университети – гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүү системасы менен окуткан Борбордук Азиядагы алгачкы университет. Анда билим алуу Кыргызстандын башка окуу жайларынан айырмаланып турат.

Университетте окутуу негизинен англис тилинде жүргүзүлүп, америкалык насыя-сааттар системасы колдонулат. Окутуучулар штаты дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнөн келген илимдин магистри жана доктору даражаларына ээ 200дөн ашуун жогорку квалификациялуу англис тилдүү профессор жана окутуучулардан куралган.

БААУнун окутуу процессинин башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул биринчи курстар үчүн багыт алуу программасы, анын максаты – кечээки окуучуларга университетте билим алууга ыңгайлашуу үчүн көмөктөшүү. Ал учурда биринчи курстун студенттери окуу жайдын эрежелери жана салттары, америкалык билим берүү үлгүсү, кантип курстарды тандоо, орто упайлар кантип эсептелет жана ал эмне себептен маанилүү, кандай сабактар окутулат жана эдвайзердин ролу эмнеде экендиги тууралуу билип алат. Бирок багыт алуу апталыгы – бул билим алуу гана эмес, ошондой эле баарлашуу жана убакытты кызыктуу өткөрүү. Жаш студенттерге университетке көнүшүүгө жогорку курстардын студенттери жардам беришет. Дал ушул учурда студенттер жаңы досторду жана санаалаштарды табышат. Мындай достук окуу мезгилинде гана эмес, ошондой эле өмүр бою жашаган учурлар кездешет.

Ошондой эле студенттер багыт алуу апталыгында БААУда билим алуунун дагы бир өзгөчөлүгү жөнүндө маалымат алышат: ар бир студент өз программасынын алкагында курстарды тандоо укугуна ээ жана окуусунун жүгүртмөсү өзү түзө алат. Андыктан бир сабакта бир эле аудиторияда ар кайсы факультеттердин студенти болгон биринчи курстун жана жогорку курстун студенти бирге билим алуусу мүмкүн. Бул студенттерге жүгүртмөсүн өзүнө ыңгайлуу таризде түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кимдир-бирөө аптасына 2-3 күн таң эртеден кечке чейин каныккан билим алууну тандап, калган бош убактысын жумуш жана жеке долбоорлоруна арнаса, кээ бирлер күн сайын билим алып, университеттин жашоосуна активдүү катышышат. Ар бир курстун аягында студенттер сабакты жана окутуучуну анонимдүү түрдө баалашат.

БААУ – бул мультимаданий чөйрө болуп, мында ар кандай өлкөлөрдүн студенттери билим алышат. Чет элдик студенттер жалпы студенттердин 30% түзүп, негизинен АКШ, Европа, Азия жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болуп саналат.

БААУнун студенттери эки диплом алышат:

– Бард колледж менен өнөктөштүктө гуманитардык илимдердин программалары боюнча АКШда аккредитацияланган даражалар

– Кыргызстанда аккредитацияланган Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген диплом

Мындан тышкары БААУнун студенттери бир учурда эки факультетте окуп, дароо эки адистикке ээ боло алышат. Мисалы сиз социлогияга тапшырдыңыз, бирок психологияга кызыгып калдыңыз. Же болбосо журналистикада окууну өз ыкмаларыңызды тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн кино, телевидение жана медиаискусстволор факультетинде билим алуу менен айкалыштырууну чечтиңиз. Кээде ата-энелер белгилүү бир кесипке ээ болууну талап кылышат, ал эми сиз таптакыр башка нерсе менен алектенүүнү самайсыз. Мына ушундай кырдаалда экилик адистик – бул маселенин чечими.

Студенттик жашоо окуу менен гана чектелип калбайт. Университетте ар тараптуу хобби жана кызыгуулардын негизинде студенттердин башын бириктирген студенттик уюмдар менен клубдар ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Жогорку деңгээлде уюштурулган окуу жайдын салтка айланган иш-чаралары менен майрамдары өзгөчө кеп кылууга татыктуу. БААУ – бул чоң үй-бүлө, анда ийгиликтерге кубанышат жана оор күндөрдө колдоого даяр турушат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028