ż۹ʴý

Илимий байланыш жумалыгы “Санариптик доордогу илимий басылмалар”

Илимий байланыш жумалыгы “Санариптик доордогу илимий басылмалар”

21&Բ;января&Բ;2025

2025-жылдын, 13-17-январь күндөрү БААУнун китепканасы “Илимий байланыш жумалыгы: Санариптик доордогу илимий басылмалар” иш-чарасынын алкагында онлайн семинар өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин илимий эмгектерин басып чыгаруудагы потенциалын бекемдөө жана илимий- изилдөө ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Иш- чаранын программасы илимий басылмаларды чыгаруудагы актуалдуу маселелер, илимий журналдар менен иштешүү, санариптик мейкиндикте изилдөөлөрдү илгерилетүү боюнча заманбап стратегиялар, илимий макалаларды жазуу жана форматтоо боюнча практикалык сунуштар жана изилдөөчүлөр үчүн жасалма интеллекттин (ЖИ) куралдары боюнча сегиз онлай-семинарды камтыды. Онлайн- семинарга 550дөн ашык мугалимдер, изилдөөчүлөр, окумуштуулар жана аспиранттар катышып, илимий байланыштын акыркы тенденцияларын изилдөө менен бирге, суроолорго жооп алганга мүмкүнчүлүк алышты. Катышуучулар Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы басылмалардын санын жогорулатуу үчүн университеттердин китепканалары жана илимий бөлүмдөрү менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча сунуштары менен бөлүшүштү.

Онлайн- семинарга насаатчы катары EIFL консорциумунун өкүлү Шевцова Евгения, EBSCO компаниясынын өкүлү Рытов Александр, Москвадагы физика- техникалык институтунун доценти Базанова Елена, Кыргызпатенттин кызматкерлери Акылова Айдай жана Баякунова Динара катышышты. БААУ тарабынан насаатчы Психология бөлүмүнүн деканы Молчанова Елена, Окутуу, үйрөнүү жана технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлери Комбарова Екатерина жана Попова Ангелина, Китепкана директору Бекбалаева Жылдызкатыштышты. Бул масштабдуу иш-чараны уюштурууда өнөктөштөр Ош мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университети кызматташышты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028