ż۹ʴý

БААУнун уникалдуу кампусу: билим алуу, чыгармачылык жана баарлашуу үчүн жай

БААУнун уникалдуу кампусу: билим алуу, чыгармачылык жана баарлашуу үчүн жай

23&Բ;января&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) Кыргызстандагы эң заманбап жана ыңгайлуу деп эсептелген кампусу менен сыймыктанат. Алдыңкы технологиялар жана экологиялык таза материалдарды пайдалануу менен курулган кампус билим берүү борбору гана эмес, ошондой эле шыктануу жана өз дараметин ишке ашыруу үчүн мейкиндикке айланды.

БААУ – Кыргызстандагы алгачкы “жашыл” университет. Имарат экологиялык таза материалдар жана технологияларды пайдалануу менен курулуп, геотермалдык энергиянын жардамы менен жылытылат жана муздатылат.

Кампустун архитектурасы заманбап жана креативдүү, ал эми анын инфраструктурасы ыңгайлуу жана функционалдуу. Баары билим алуу жана сабак өтүүгө ыңгайлуу болуп долбоорлонгон. Өзгөчө көңүл ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүккө бурулган – тоскоолдуктарсыз чөйрө жана атайын лифттер баары үчүн ыңгайлуулук жаратат.

Студенттер үчүн атайын мейкиндик каралып, анда сабактардын ортосунда эс алууга, достор менен баарлашууга жана сабактарга даярданууга болот.

Университет аймактагы мыкты техникалык базалардын бирине ээ: заманбап компьютердик класстар, мультимедиялык аудиториялар, сабактар жана иликтөөлөр үчүн адистештирилген лабораториялар, окуу жайдын бүткүл аймагында акысыз Wi-Fi.

Университеттик китепканада ар кандай маалыматтардын базасын камтыган 57 000ден ашык үлгүлөр жана 980 000ден ашык электрондук китептер менен басылмалар бар. Алардын арасында EBSCO ebook Academic Collection, JSTOR, Duke Journals Scholarly Collections, HeinOnline, Henry Stewart Talks (HSTalks), SAGE journals, Cambridge journals жана Oxford journals басылмаларын жолуктурууга болот. Кенен маалымат китепкананын сайтында (https://library.auca.kg/).

Каалоочулар БААУнун кампусу менен 8-февралда Ачык эшиктер күнүндө тааныша алышат. Сиз университетке баш багып, кампус-турларга катышуу менен анын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, студенттер менен мугалимдерге кызыктырган суроолорду узата аласыздар. Башталышы 12:00дө.

Ачык эшиктер күнүнө каттоо: .

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028