28&Բ;января&Բ;2025
БААУнун алгачкы кабыл алуу сынактарына аз гана убакыт калды. Бул абитуриенттер үчүн толкунданткан мезгил болуп, “Кантип даярдануу керек?”, “БААУга окууга тапшыруу татаалбы?” деген суроолор жаралат.
Быйыл алгачкы кабыл алуу сынактары 23-февралда орун алат. Ага каттоо эбак ачылган жана 18-февралда аяктайт. Аталган сынак жана кийинки сынактар тууралуу маалыматтар университеттин сайтында жана анын социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланып келет. Буга чейин белгилүү болгондой, сынак үч бөлүктөн турат: англис тилинен тест, математика жана эссе. Минималдык босого упайларды биздин сайттагы окууга тапшырып жаткандар үчүн атайын бөлүмдөн көрүп алууга болот: /ru/auca_exams_scoring/.
Эгер биринчи аракеттен сынакты тапшыра албай калсаңыз, анда сарсанаа болуунун кажети жок. Анткени сынакты кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Кабыл алуу сынактары эки агым менен өтүп, алардын ар биринде экиден сынак каралган. Сынактардын жүгүртмөсүн төмөнкү баракчадан билип алууга болот: https://auca.kg/en/admissions/.
Абитуриенттер үчүн БААУда окууга тапшырууга даярдоочу эки программа бар. Биринчи мүмкүнчүлүк – бул БААУнун Мейкерспейсинин даярдоо курстары. Угуучулар бир учурда үч курсту же бирөөнү тандай алышат: TOEFL PBT, эссе, математика. Курстун узактыгы – эки ай. Кенен маалыматты БААУнун Мейкерспейсинин баракчаларынан алыңыз (@mldc.auca.kg, https://mldc.auca.kg ) же төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: +996 502 915 022, +996 550 915 022, +996 312 915 022.
Дагы бир мүмкүнчүлүк – бул БААУнун Жаңы муун академиясы. ЖМА – бул окуучуларды жогорку окуу жайларда билим алууга даярдоого багытталган бир жылдык окутуу курсу. Академиянын окутуу программаларында:
Бул программа 2026-жылы окууга тапшырууну пландаштыргандар үчүн туура келет. Академияга окуучуларды кабыл алуу быйылкы жылдын жай мезгилинде жүргүзүлөт. Академияга окууга тапшыруу тууралуу толук маалыматты ttps://auca.kg/ru/nga/ сайтында же төмөнкү баракчадан табууга болот: @nga_auca.
Мындан тышкары окууга тапшыруу, кабыл алуу сынактары жана даярдоо программалары жөнүндө бардык маалыматтарды 8-февралда өтчү БААУнун Ачык эшиктер күнүндө билип алсаңыз болот. Башталышы 12:00дө.
Ачык эшиктер күнүнө каттоо: .